Жаңылыктар

13.11.2015

ЕЭКтин Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитетинин отуруму

Page Content13-ноябрда Астанада Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун жетекчилиги астында ЕЭКтин Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитетинин отуруму болот. Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардан Консультативдик комитеттин мүчөлөрүнүн жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бизнес-коомчулугунун катышуусу менен маселелердин кенен спектри каралат. Маселен, товардык белгиге өзгөчө укукту аныктоо принцибин мындан ары колдонууга карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ЕЭКтин ишмердүүлүгү талкууланышы болжолдонууда. Учурда, Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасы боюнча, товардык белгиге өзгөчө укукту аныктоонун аймактык принцибин колдонуудан алып таштоолорду орнотуу болжолдонгон товарлардын кээ бир түрлөрүн тандоо критерийлери жана тартиби боюнча ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү менен макулдашылган сунуштарды даярдоо боюнча жумуш жүрүп жатат. ЕАЭБ аймагында товарлардын кээ бир түрлөрүнө товардык белгиге өзгөчө укукту аныктоонун аймактык принцибин колдонуудан алып таштоолорду орнотуу механизмин иште чыгуу болжолдонууда. ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорунун үстүнөн иш жүрүп жатат - ал протокол Евразия өкмөттөр аралык кеңешине ошондой алып таштоолорду орнотуу боюнча ыйгарым укукту берүүнү болжойт. Ошондой эле, Товарлардын кээ бир түрлөрүн тандоо критерийлерин аныктоо жана алып таштоолорду орнотуу эрежелерин регламенттөө тартибинин долбоорунун үстүнөн иш жүрүп жатат. Алардан сырткары, ЕЭК консультативдик комитетинин отурумунун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат: - ЕАЭБдин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана иштелип чыгарылган жерлеринин аталышы жөнүндө келишимдин долбоору боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу; - Жамааттык негиздеги автордук жана чектеш укуктарды башкаруу тартиби жөнүндө макулдашуу боюнча мамлекет ичиндеги макулдоону өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу; - Бажы биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы тизмеси жөнүндө 2010-жылдын 21-майындагы макулдашууга Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору боюнча мамлекет ичиндеги макулдоону өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу; 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу Армения Республикасы жана Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик чөйрөсү боюнча кабыл алган милдеттердин аткарылышы жөнүндө; - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде өндүрүш өнүмдөрүнүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча Россия Федерациясынын сунуштары тууралуу; - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде жыл сайын «Антиконтрафакт» Эл аралык форумун өткөрүү тууралуу. Маалымат Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет Комиссиянын Коллегиясынын 2012-жылы 25-сентябрдагы №172 чечими менен түзүлгөн. Комитеттин негизги маселелери – Комиссиянын Коллегиясына интеллектуалдык менчик жаатында сунуштарды иштеп чыгуу, жана ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүү. Комитеттин Төрагасы ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов. Комитеттин курамына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери жана алардын орун басарлары жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү кирет. Комитет түзүлгөндөн бери Комиссиянын Коллегиясына интеллектуалдык менчик жаатында сунуштарды иштеп чыгарылды, атап айтканда, эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу боюнча.