Жаңылыктар

16.06.2016

16-июнда Санкт-Петербургда ПЭЭФ-2016 алкагында “ЕАЭБ жана соода өнөктөштөрү: жалпы экономикалык мейкиндик тегерек столу өткөрүлөт

Page ContentБүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикада регионалдаштыруу тарапка дрейф болууда: ири регионалдык бирикмелер түзүлүп жана алардын ортосунда өз ара иштешүүнүн жаңы модели курулууда. Бул мурдагыдан мыкты глобалдык экономиканын жана жалпы экономикалык мейкиндиктин түзүлүшүнө алып келеби?  Же өлкөлөр “жабык клубдарга” биригишеби, жана натыйжа катары соода-экономикалык мейкиндиктин фрагментациясы болобу? Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрү канткенде глобалдык экономикалык чакырыктарга натыйжалуу жооп бере алышат? Евразияда өзүнчө регионалдык мегадолбоор үчүн дарамет барбы? ЕАЭБ соода өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктары кандай? Ушул жана башка маселелерди Петербург эл аралык экономикалык 2016 форумунун аянтчасындагы тегерек столдун катышуучулары талкуулашат. Сессиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян болмокчу. Чыгып сүйлөй турган спикерлердин арасында төмөнкүлөр болушу күтүлөт: Кристиан Фриис Бак, Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы, Бириккен Улуттар Уюму БУУ), Тициана Бонапаче, Түндүк жана Борбордук Азия боюнча субрегионалдык бөлүмдүн Башчысы, ЭСКАТО, Татьяна Валовая, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр), Алексей Лихачев,  Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү Министринин Биринчи орун басары, Дмитрий Панкин, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) башкармалыгынын Төрагасы, Филипп Пегорье, Европа Бизнес Ассоциациясынын (АЕБ) башкармалыгынын Төрагасы; Россиядагы Alstom президенти, Игорь Петришенко, Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Беларусь Республикасынын Биримдик мамлекетинин, Евразия экономикалык биримдигинин, Көзкарандысыз Мамлекеттер шериктештигинин, Жамаатык кызматташтык жөнүндө келишим Уюмунун алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча  атайын өкүлү, Алексей Мордашов, «Северсталь» ААК, «Силовые машины» ААК директорлор Кеңешинин Төрагасы, Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитеттин Төрагасы, Григорий Рапота, Россия Биримдик мамлекетинин жана беларустун Мамлекеттик катчысы, Владимир Якунин, “Цивилизациялар диалогу” Дүйнөлүк коомдук фондунун Президенти-негиздөөчүсү, “Россия темир жолдору” ААК экс-президенти, Мырзахметов Аблай, «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын төрагасы, Антонио Фаллико, «Евразияны таануу» ассоциациясынын президенти; Интеза Банкынын директорлор кеңешинин төрагасы, Александр Шохин, Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (РСПП) президенти. ПЭЭФ 2016 алкагындагы тегерек стол 10.15 ден 11.30га чейин өтөт, Павильон G, Конференц-зал G5. Тегерек стол жөнүндө маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар http://www.forumspb.com/ru/2016/sections/62/materials/309/sessions/1376 ЖМКларды тегерек столго катышууңуздарды төмөнкү e-mail боюнча тастыктооңуздарды өтүнөбүз: zhiteneva@eecommission.org, ошондой эле тел. +7 (495) 669-24-00, кош.41-69 телефону аркылуу,  ЕЭК пресс-кызматынын кызматкери Алена Житенева. ЖМК үчүн байланыш маалыматтары Евразия экономикалык комиссиясынын пресс-кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марина Викторовна ШкурлатоваИш. тел.: +7 (495) 669-24-00, кош. 41-55 Моб.: +7-916-436-08-00 (15-июнга чейин жеткиликтүү) Моб.: +7-985-847-34-57 (15-июндун экинчи жарымынан кийин жана  18-июнга чейин жеткиликтүү)shkurlatova@eecommission.orgwww.eurasiancommission.org