Жаңылыктар

07.12.2016

Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында эл аралык семинар

Page Content7-8-декабрда Евразия экономикалык комиссиясында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында актуалдуу маселелер боюнча эл аралык семинар болуп өтөт. Семинарга ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков, Дүйнөлүк соода уюмунун, Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эр аралык конвенциянын Катчылыгынын, Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук деңиз уюмунун өкүлдөрү, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин жана Европа биримдигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ЕЭКтин Маалыматтык технологиялар департаментинин өкүлдөрү катышышат. Семинардын катышуучулары дүйнөдө өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук органдар (ӨККУО) электрондук фитосанитардык сертификаттарды иштеп чыгуусу жана колдонуусу боюнча жагдай, аларды айрым өлкөлөрдө колдонуу тажрыйбасы таанышат, Европа биримдигинин жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагы боюнча карантиндик продукциянын жылышында көзөмөл маселелерин, анын ичинде карантиндик продукцияны көзөмөлдөө элементтерин талкуулашат. Мындан тышкары, семинарда санитардык жана фитосанитардык чаралар боюнча ДСУ Макулдашуусун колдонуу жана Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү процедуралары боюнча макулдашуу боюнча ДСУ ишмердүүлүгү маселелери боюнча ДСУ өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөлөрү пландаштырылат.​