Жаңылыктар

01.11.2016

ЕЭКтин эксперттик тобунун алдын ала маалымдоо боюнча ишинин башталышы

Page Content1-2-ноябрда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиянын Бажы инфраструктурасынын департаменти Евразия экономикалык биримдигинин аймагына киргизилген товарлар жана транспорттук каражаттар тууралуу алдын ала маалымдоо институтун өнүктүрүү боюнча эксперттик топтун алгачкы отурумун өткөрөт. Отурумга Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү,  бажы кызматтарынын жана башка кызыкдар ведомстволордун, ошондой эле ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин бизнес - ассоциацияларынын эксперттери катышышат. «Биз, эгерде аны ташуу рыногунун сегменттери боюнча бөлүштүрсөк, талкуулоо кыйла натыйжалуу болот деп эсептейбиз, - деп белгиледи эксперттик топтун жетекчиси, Комиссиянын Бажы маалымат технологиялары бөлүмүнүн начальнигинин орун басарыАлексей Гавричев. – Эксперттер колдонулуп жаткан нормаларды өркүндөтүү же болбосо ар бир транспорт түрү боюнча өз-өзүнчө таркатууну болжолдоо жагында иш алып барышат». Ошентип, 1-ноябрдын биринчи жарымында ЕЭКте эксперттер ЕАЭСке киргизилип жаткан автотранспорт товарлары тууралуу алдын ала маалыматты милдеттүү түрдө сунуштоо боюнча колдонуудагы нормаларды өркүндөтүү маселесин талкуулашат.  Бул норма 2012-жылдан бери колдонулуп жатат. 1-ноябрдын экинчи жарымында авиатранспорт боюнча алдын ала маалымат берүү маселеси талкууланат.  ЕЭК Коллегиясынын чечимине ылайык, авиаташуучуларга алдын ала маалыматты 2017-жылдын 1-апрелинен тартып сунуштоо милдети жүктөлөт. 2-ноябрдын биринчи жарымында ЕАЭСке темир жол транспорту аркылуу ташылып келүүчү товарлар жөнүндө алдын ала маалымат берүү тууралуу норманы талкуулоо пландаштырылган. Темир жол аркылуу ташуулар сегменти боюнча милдеттүү түрдө алдын ала маалымдоо Биримдикте 2014-жылдан тартып колдонулат.  2-ноябрдын экинчи жарымында – деңиз аркылуу ташуу сегментинде милдеттүү түрдө алдын ала маалымдоону колдонууга киргизүү талкууланат. «Кол коюуга даярдалып жаткан ЕАЭСтин Бажы кодексинде ташып келинүүчү товарлар тууралуу алдын ала сунушталган маалыматты пайдалануу боюнча иш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр каралган.  Бул норманын камтуу чөйрөсүн аныктаган чечимдер учурда иштелип жатат Ошондуктан, товарларды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш алып барган ишкерлерди бул ишке жигердүү катышууга чакырабыз», - деп баса белгиледи Алексей Гавричев.​