Жаңылыктар

28.10.2016

ЕАЭБ алкагында тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча кызыкдар жактар менен маалыматтык өз ара иштешүү системасы

Page ContentЕвразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өз ара соодасында тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы электрондук ресурс түзөт, анын жардамы менен ишкерлер Комиссия менен өз ара иштеше алат. “Евразиялык жума” форумунун алкагында бул ресурстун - ЕАЭБ алкагында тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча кызыкдар жактар менен маалыматтык өз ара иштешүү системасынын интерактивдик презентациясы сунушталат. Презентациядан сунушталып жаткан электрондук ресурс аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасында тоскоолдуктар жөнүндө кайрылууларды ЕЭКке кантип берүү болору жөнүндө билүүгө болот.  Баяндамачы Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин өкүлү болмокчу.  Евразия биримдигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды (кедергилерди) аныктоо жана четтетүү - товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыздоо боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн чечүү зарыл болгон маанилүү милдеттердин бири.