Жаңылыктар

14.12.2016

АПК боюнча консультативдик комитетинин отуруму 31.11.2016-ж

Page Content14-октябрда  Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Агроөнөр жай саясаты департаменти ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин он үчүнчү отурумун өткөрөт. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин министрликтеринин, ведомстволорунун, эксперттик жана бизнес-коомчулугунун, тармактык союздарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү катышуусу пландаштырылат. Консультативдик комитеттин күн тартибинде төмөнкү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда:          ·         ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде асыл тукум  продукцияга молекулярдык  генетикалык экспертиза жүргүзүү  тартиби жөнүндө жобонун долбоору          ·         айыл чарба жандыктарынын жаңы түрлөрүн, породаларын жана кроссторун апробациялоо тартибинин долбоору;          ·         асыл тукум малдын породасын аныктоо тартибинин долбоору          ·         ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда асыл тукум мал тууралуу алмашылуучу маалыматтардын долбоору          ·         ЕЭК Коллегиясынын “ийкемдүү айыл чарба товарлары” түшүнүгүн аныктоо жөнүндө” сунуш - көрсөтмөлөрдүн долбоору тууралуу          ·         ЕЭК Коллегиясынын “Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган малымат системасынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин агро өнөр жай комплексинин чакан системасына карата талаптар жана аны түзүү боюнча өз ара иш алып баруу эрежелери тууралуу” чечим долбоору          ·         ЕЭК Коллегиясынын “Мамлекеттик колдоо чараларын кошо алганда, агрардык рынокту мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун натыйжалуулугун арттыруу жөнүндө” сунуш - көрсөтмөсүнүн долбоору          ·         Айыл - чарба өсүмдүктөрүнүн сотторунун бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинин долбоору          ·         Евразия экономикалык биримдигинин тышкы жана өз ара соодалашуу интеграцияланган маалымат системасынын алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдаланууда  өз ара маалыматтык иш жүргүзүүнү жөнгө салган технологиялык документтердин долбоорлору   Иш чара өткөрүлүүчү жер: Москва ш., Летниковская көч., 2-үй,  стр. 2, каб. С-1022. Башталышы: 14.00 с