Жаңылыктар

30.09.2016

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы Коллегия мүчөсү (министр) Нурлан Алдабергеновдун брифинги

Page Content30-сентябрда 11.00до атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Нурлан Алдабергеновдун жетекчилиги алдында “Евразия экономикалык биримдигинде монополияга каршы жөнгө салуу” темасында эл аралык конференция болуп өтөт. ЕАЭБтин трансчек аралык товардык рынокторунда атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыздоонун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде нысапсыз атаандаштыкты, атаандаштыкка каршы макулдашууларды (картелдерди), тоо-кен өнөр жайында, ошондой эле транспорттун жана байланыштын трансчек аралык рынокторунда үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдаланууну маселелерин талкуулоо пландаштырылат. Мындан тышкары, Биримдик мамлекеттеринин уюлдук байланыш чөйрөсүндө мыйзамдарын айкалыштыруу жана тоскоолдуктарды четтетүү, дистрибьютордук жана дилердик макулдашууларды түзүүдө атаандаштыкка каршы тажрыйбалар маселелери каралат. Конференциянын алкагында ошондой эле автомобилдерди жана аларга кам тетиктерди сатуу жана тейлөө рынокторунда, фармацевтикалык рынокто Ак ниет соода тажрыйбаларынын Кодексин, Соода тармактарынын жана жеткирүүчүлөрдүн өз ара иштешүүсүнүн ак ниет тажрыйбасынын кодексин иштеп чыгуу жана жайылтуу сунушталат. Конференцияга Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери, парламент депутаттары, соттору, ЕАЭБ мамлекеттеринин дипломатикалык миссияларынын, илимий чөйрөлөрүнүн, бизнес-коомчулугунун, ЖМКларынын өкүлдөрү чакырылган. 13.00до ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы Коллегия мүчөсү (министр) Нурлан Алдабергеновдун брифинги пландаштырылат. Прессанын аккредиациясы үчүн: e-mail: laura@eecommission.org, +7 926 6802010, +7 495 6692400, кош.5412 – Лаура Жусупбековага; abdimaulen@eecommission.org, +7 9647694944, +7 495 6692400, кош. 5479) – Арман Абдимауленге кайрылыңыздар. Иш чара өткөрүлүүчү жер: Бишкек, Аалы-Токомбаев көч., 21/2, Jannat regency мейманканасы, Columns hall.