Жаңылыктар

30.11.2016

“Аң-тери буюмдарын атайын чиптерсиз сатууга тыюу салынат!” пресс-конференциясы

30-ноябрда 14:30-да “Россиялык газетанын” медиаборборунда төмөнкү темада пресс-конференция өткөрүлөт: “Аң-тери буюмдарын атайын чиптерсиз сатууга тыюу салынат!” Пресс-конференция декабрдын башында атайын радиожыштыктуу идентификация чиптери (RFID) менен белгиленбеген аң-тери буюмдарын сатууга тыюу салуу күчүнө киришине арналган.
Page Content​30-ноябрда 14:30-да “Россиялык газетанын” медиаборборунда төмөнкү темада пресс-конференция өткөрүлөт:  “Аң-тери буюмдарын атайын чиптерсиз сатууга тыюу салынат!”Пресс-конференция декабрдын башында атайын радиожыштыктуу идентификация чиптери (RFID) менен белгиленбеген аң-тери буюмдарын сатууга тыюу салуу күчүнө киришине арналган. Пресс-конференциянын катышуучулары: - Вероника Никишина – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри;- Ольга Чепурина – Россиянын ФСК Товарлардын айланымынын көзөмөлүн камсыздоо башкармалыгынын башчысы;- Анастасия Расстригина – РФ Өнөр жай жана соода министрлигинин Ички сооданы, жеңил өнөр жайын өнүктүрүү жана продукциянын жүгүртүмүн мыйзамдаштыруу департаментинин директорунун орун басары. Пресс-конференциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралат: - аң-тери буюмдарын маркировкалоонун максаты;- кандай аң-тери буюмдары чиптелет;- аң-тери буюмдарга атайын чиптерди кантип жана кайдан алууга болот;- бул тыюу салууну бузуу үчүн жоопкерчилик чаралары кандай;- маркировкалоонун биринчи жыйынтыктары. Аккредитация: ЖТ: тел: 8 (499) 257-59-79; 8 (903) 171-81-99.Е-mail: mediacentr@rg.ru.Медиаборбордун дареги: Москва ш, Правда көч, 24-үй, 4-кур., 9-кабат (м. Савеловская).ЕЭК: parakshin@eecommission.org Тел. 8 (495) 669-24-09​,кош. 49-03​