Жаңылыктар

31.03.2016

Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин 7-отуруму

Page Content31-мартта Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменовдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин жетинчи отуруму өткөрүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлардын чыккан жеринин аталыштары тууралуу келишим долбоору, Коллективдүү негизде автордук жана кошо автордук укуктарды тескөө тартиби жөнүндө келишим долбоору боюнча иштерди талкуулоо пландаштырылууда. Мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү 2010-жылдын 21-майындагы Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды коргоо аракеттерин координациялоо жөнүндө келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү тууралуу маалымат беришет. Андан тышкары, отурумдун катышуучулары интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өз ара иштөө Регламентинин долбоорун, “Антиконтрафакт” эл аралык формасы жөнүндө жобонун долбоорун кароого алат. Интеллектуалдык менчик объекттерине болгон жеке укуктарды бүтүрүү принциптерин мындан ары колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун иши тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле отурумдун күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди: - 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусуна  байланыштуу, Армения Республикасы тарабынан кабыл алынган интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткаруу; - өндүрүштө чыгармаларды аткарууда жана милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу телепрограммалар топтомун жайылтууда автордук сыйакы төлөө тартиби; - ЕАЭБ рынокторунда контрафакт жана легалдуу эмес продукцияны жайылтууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө координациялоо механизмдерин түзүү зарылчылыгы; ЕЭК Коллегиясына караштуу интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин алдында эксперттик топ түзүү.