Календарь

31.03.2016

31-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Министрлеринин катышуусу менен пресс-конференция өткөрүлөт.

Page Content31-мартта саат 16-00 до Бишкекте ЕЭКтин энеретика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраевдин жана ЕЭКтин Экономика жана финансы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун биргелешкен пресс-конференциясы болот. Министрлер Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү рынокторду түзүү тууралуу актуалдуу суроолорго жооп беришет.  Атап айтканда, ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура Министри Данил Ибраев транспорт жана инфраструктура боюнча интеграцияны өнүктүрүү, энергетикалык ресурстардын жалпы рынокторун калыптандыруу маселелери тууралуу айтып берет.  Андан тышкары, ЕЭК Министри Данил Ибраев ЕЭК Коллегиясына караштуу Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин отурумунун жыйынтыктары тууралуу билдирет.  ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменов ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногун калыптандыруу алкагындагы эмгек миграциясы чөйрөсүндө макулдашылып жүргүзүлгөн саясат, жумушчу күчүн эркин жайгаштыруудагы тоскоолдуктарды жоюу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу жөнүндө айтып берет.  Ошондой эле ЕЭК Министри  жүргүзүлгөн салык саясаты, жалпы финансы рыногунун ишинин башталышы үчүн шарттарды түзүү, бирдиктүү кызмат көрсөтүү жана инвестициялар рыногун калыптандыруу, интеллектуалдык менчик боюнча макулдашылып жүргүзүлгөн саясат тууралуу суроолорго жооп берет. 31-мартта сатт 16.00дө өтүүчү пресс-конференцияга катышуу жана кызыктырган суроолорду берүү үчүн журналисттерди чакырабыз. Пресс-конференция Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 175 дарегиндеги  «КАБАР» МА пресс-борборунда өтөт.