Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик жаш кызматкерлеринин системалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун перспективалары Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) өткөн ЕАЭБдин мамлекеттик жаш кызматкерлеринин форумунун катышуучуларынын “Жаштардын стратегиясы: Евразия бириктирет” панелдик сессиясында талкууланды.
Иш-чара Росмолодеждун, Россия Федерациясынын Жаштар өкмөттөрүнүн ассоциациясынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңешинин жана башка бир катар мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрүнүн колдоосу менен Красноярск крайынын Жаштар өкмөтү тарабынан уюштурулган. Сессиянын модератору Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков болду, ал Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун куттуктоо сөзүн окуп берди. Евразиялык экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңеши төраганын орун басары Илья Кузьмичевди тааныштырды.
«ЕАЭБ Бирликтин ичинде жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногунда жаңы мейкиндиктерди ачуу менен жаштарга көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мамлекеттик жаш кызматкерлердин интеграциялык процессинде катышуусу азыр абдан актуалдуу болуп калды», – деп белгиледи Илья Кузьмичев жана ал Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик жаш кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсү боюнча трек биринчи жолу ЕАЭБдин жана КМШнын I Жаштар форумунун программасында үстүбүздөгү жылдын август айында Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) пайда болгонун баса белгиледи.
Сессиянын спикерлери болуп Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Красноярск шаарындагы өкүлү Артем Захаров, Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык жаштар кызматташтыгы жана туризм бөлүмүнүн башчысы Артем Фомин, “Молодежь” илимий-изилдөө борборунун (Казакстан) директору Азиз Искаков жана Кыргызстан жаштар конгрессинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан жаштарынын бириккен уюмунун төрагасы Даниэл Чеченбеков сөз сүйлөштү.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында бир катар тематикалык дискуссиялар өттү. «Мамлекеттик жаш кызматкерлер. Баштоонун жана окутуунун чеги» сессиясынын жүрүшүндө евразиялык экономикалык интеграциялык процесстери, квалификацияларды жогорулатуу жана стажировкалар чөйрөсүндү жалпы ыкманы табуу тууралуу мамлекеттик жаш кызматкерлердин маалымдуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды. «Жаңы мезгилдин саясаты» сессиясы Чоң Евразиялык өнөктөштүк демилгесинин контекстинде ЕАЭБдин эл аралык ишмердигине арналды. Сессиянын модератору Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызматтар академиясы (РАНХиГС) улуттук коопсуздук жана укуктар институтунун директорунун орун басары Валерий Смирнов болду.
Мындан тышкары «ЕАЭБде өнүгүүгө жаштардын көз карашы» сессиясынын жүрүшүндө Бирликтин жаш лидерлери өздөрүнүн жаштар бирикмелеринин ийгиликтүү тарыхы менен бөлүшүштү, учурдагы ишмердиктерин жана Бирликтин жаштардын күн тартибин ишке ашыруу контекстиндеги пландарын айтышты. Бул дискуссиялардын спикери ЕЭКтин Жаштар кеңешинен Илья Кузьмичев болду.
Серепчилердин жетекчилиги астында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик жаш кызматкерлеринин биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгууга багытталган мээ чабуулу форматында практикага багытталган иш жүргүзүлдү. Тактап айтканда, жаш лидерлер Бирликтин мамлекеттеринин кесипкөй жаштарынын ортосунда туруктуу байланыш түзүүнү, профилдик “президенттик” билим берүүнүн негизинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн кошумча кесиптик билим берүүнүн биргелешкен программаларын иштеп чыгууну, ошондой эле бирлик аянттарынын форумдарынын жүрүшүндө алдыңкы тажрыйбаларды активдүү алмашууну сунушташты. Сунуштардын арасында – ЕАЭБ темасы боюнча бардык коомдук эксперттик иш-чаралар менен социалдык тармактарда чат-бот түзүү бар.