Жаңылыктар

20.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 14:11)

ШКУнун Башкы Катчысы Чжан Мин Бишкекте өткөрүлүүчү Евразия экономикалык форумуна катышмакчы

26-майда Бишкекте өткөрүлүүчү Евразия экономикалык форумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин перспективдүү эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашмакчы. Сессиянын спикерлеринин арасында – Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы Катчысы Чжан Мин.


"ЕАЭБдин перспективдүү эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсү: Чоң Евразиядагы өз ара пайдалуу кызматташтык" тематикалык сессиясы.

Күнү жана убактысы: 26-май, 17:00 – 18:30 (жергиликтүү убакыт боюнча)

Орду: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 21, "Орион" мейманканасы, "Каркыра" залы

ЕАЭБ иштеп баштагандан бери анын эл аралык ишмердигинин кеңири инфраструктурасы калыптанды. Байланыштардын географиясы чет мамлекеттерди, Латын Америкасынан жана Африкадан баштап, Түштүк-Чыгыш Азияга чейинки дүйнөнүн ар түрдүү региондорундагы регионалдык интеграциялык бирикмелерди, ошондой эле кеңири жана тар профилдеги эл аралык уюмдарды камтыйт.

Эл аралык ишмердиктин сапаты ЕАЭБдин ичинде интеграциянын өнүгүшүнө жана ЕАЭБ жөнүндө келишим жана ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки Стратегиясы менен аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетүү темптеринө түздөн-түз байланышкан.

 Талкуулоо үчүн маселелер:

·         Өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономикалык архитектура жана глобалдык экономиканын жаңы сыноолору шарттарында ЕАЭБдин эл аралык ишмердиги үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылууда?

·         Чоң Евразиянын негизги оюнчулары алдына кандай приоритеттерди коюшууда жана Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн концепциясы кандай болушу мүмкүн?

·         ЕАЭБдин тышкы өнөктөштөр менен диалогунун контекстинде ишкердик коомдоштуктар кандай суроо-талаптарды коюшууда?

МодераторКирилл Барский, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Атайын тапшырмалар боюнча элчиси, РФтин "Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы" (АТЭК) форумундагы ага кызмат адамы.

Спикерлер:

·         Чжан Мин, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы

·         Александр Панкин, Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары

·         Сергей Глазьев, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри

·         Кайрат Сарыбай, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Катчылыгынын аткаруучу директору

·         Нгуен Хонг Зиен, Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри

·         Иван Поляков, Россия – АСЕАН Ишкердик Кеңешинин төрагасы

·         Олег Озеров, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Атайын тапшырмалар боюнча элчиси, Россия-Африка Өнөктөштүк форумунун Катчылыгынын жетекчиси

·         Эмиль Кайкиев, 2018-2021-жылдарда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри

·         Эктор Хосе Сильва, Венесуэла Республикасынын тышкы соода жана инвестицияларды демилгелөө маселелери боюнча министринин орун басары

·         жана башкалар.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму 26-майда Бишкекте алгачкы жолу өткөрүлмөкчү. Форумдун программасы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын катышуусу менен пленардык отурумду, ошондой эле алты панелдик сессияны камтыйт. Форумга катышуу акысыз.

Форумга расмий сайтта катталууга болот.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү