Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Федерация Кеңешинин экономикалык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган атайын техника рыногунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Россия Федерациясынын технологиялык суверенитетинин маселелерин талкуулоо боюнча тегерек столго катышты.
Талкуулардын жүрүшүндө атайын техника рыногунун абалы, тармакты мамлекеттик жөнгө салуу, учурдагы колдоо чаралары жана алардын натыйжалуулугу боюнча актуалдуу маселелер каралды, ошондой эле атайын техника өндүрүшүн өнүктүрүү, аны Россиянын аймагында локалдаштырууну камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Георгий Арзуманян өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, атайын машиналарды куруу олуттуу кооперациялык жана экспорттук потенциалга ээ жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өнөр жай жана илимий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу түрлөрүнүн бири катары аныкталган.
"Технологиялык эгемендүүлүк стратегиясын ЕАЭБдин ар бир мамлекети өз алдынча ишке ашырганда анын натыйжалуулугу азыраак болот, анткени өлкөлөрдүн ички рынокторунун чектелген сыйымдуулугу масштабдан келип чыгуучу натыйжага жетүүгө жана продукциянын өзүнчө алынган түрлөрү боюнча дүйнөлүк лидерлер менен бирдей шарттарда атаандашууга мүмкүндүк бербейт. Ал эми атайын машиналарды куруу туурасында айта турган болсок, бул – Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири", – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай блогунун өкүлү.
Буга байланыштуу Георгий Арзуманян тегерек столдун сунуштамасынын долбооруна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кароосу үчүн тема катары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн адистештирилген машина куруу продукциясын өндүрүүнүн кооперациялык чынжырчаларына тартуу үчүн шарттарды түзүү маселесин, анын ичинде Бирликтин рыногунда ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарлардын үлүшүн көбөйтүү үчүн өнөр жай операциясын каржылоо механизмин колдонуу жөнүндө маалымдоо жолу менен киргизүүнү сунуштады.