9-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Бирликтин аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө КНС алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүчү протоколго кол коюшту.
Жаңы эрежелерге ылайык, ЕАЭБдин аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү чек ара аралык сатып алууда КНС салыгы сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин бул маселе боюнча жалпы мамиле болгон эмес, бул кош салык салууга же мүчө мамлекеттердин биринде да мындай коммерциялык иш-аракеттерге салык салынбаган жагдайга алып келген.
Мындан тышкары, бекитилген протокол ЕАЭБ аймагында сатып алуучуларга электрондук формада кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөргө мүчө мамлекетте КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүү, жөнөкөйлөтүлгөн форматта электрондук декларация тапшыруу жана салык төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
Ошондой эле ЕАЭБ аймагында электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдө КНСти салыктык башкаруу тартибинин техникалык маселелери жөнгө салынган.
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин электрондук коммерция чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарын өнүктүрүүнүн протоколуна жана келечегине төмөнкүдөй комментарий берди:
"Бүгүн ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдө КНСти башкаруунун улуттуктан жогорку тартибин бекиткен маанилүү протоколго кол коюлду. Жетишилген макулдашуу бул жаатта атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, андан да чоң экономикалык интеграцияга өбөлгө түзөт, ошондой эле ЕАЭБ аймагында электрондук формада кызмат көрсөтүүлөргө КНС салуу маселелеринде бизнес үчүн тактыкты киргизет. Белгилей кетсем, бул жааттагы иш аягына чыга элек жана азыркы учурда Комиссия электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы эрежелер колдонула турган тизмесин бекитүүгө киришти. Мындан тышкары, Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарлардын электрондук соодасынын КНС салуу маселелерин жөнгө салууга багытталган Протоколдун долбоорун бекитүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө".