Жаңылыктар

27.05.2022 (Обновлено: 08.06.2022 14:40)

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 2023-жылга чейинки макроэкономикалык саясаттын негизги багыттамаларын бекитишти

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы отурумунда мамлекет башчылары 2022–2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясаттын негизги багыттамаларын бекитишти.

Документ глобалдык экономикадагы жана ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларындагы аныксыздыкты жана Бирликтин өлкөлөрүнө тышкы басымдын күчөшүн эске алуу менен даярдалды.

"Негизи багыттамалардын максаты – Бирликтин мамлекеттеринин экономикаларынын ички туруктуулугун камсыз кылуу жана узак мөөнөттүү перспективада Бирликтин ИДӨсүнүн 4,5 – 5,5% темп менен жыл сайынкы өсүш траекториясына чыгуу үчүн шарттарды түзүү", – деп белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.

Бул максатка жетүү үчүн макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана тышкы сыноолорго туруктуулукту камсыз кылуу, экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Бирликтин илимий-технологиялык жана өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара пайдалуу мамилелерди бекемдөө биринчи кезектеги багыттардан болууга тийиш.
ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана улуттук (борбордук) банктарына бекитилген багыттамаларды эске алуу сунушталды.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү