Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жакындаштырууга жаткан ченемдик укуктук актыларынын тизмеги бекитилди. Мамлекет башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнө бул тизмеде көрсөтүлгөн улуттук мыйзамдарды толуктоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырышты.
Тизме ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 20 тиркемеде белгиленген табигый монополиялар чөйрөсүндө жеткиликтүүлүктү камсыздоону жөнгө салуу принциптеринин жана эрежелеринин негизинде, Комиссиянын жана Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ишинин натыйжасында түзүлгөн.
Тизме темир жол транспорту, отун-энергетикалык комплекси, аэронавигация, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу жагындагы табигый монополиялар чөйрөсүнө тиешелүү, ошондой эле табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү же алып салуу жана табигый монополиялардын субъекттеринин реестрин жүргүзүү боюнча ченемдерди караган ченемдик укуктук актыларды камтыйт. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин 26 укуктук актыларынан турган тизме тараптардан же Комиссиядан сунуштар келип түшкөнүнө жараша толукталып жана актуалдаштырылышы мүмкүн.
ЕАЭБ өлкөлөрү жакынкы төрт жылда бул тизме боюнча өз мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүсү күтүлөт.
"Биздин биргелешкен ишибиздин натыйжалары керектөөчүлөргө, алардын ЕАЭБдин кайсы бир мүчө-мамлекетине таандыктыгына карабастан, табигый монополия субъекттери тарабынан кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы ыкмаларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
ЕЭК министринин айтымында, жаңы документ ошондой эле табигый монополиялардын кызматтарын керектөөчүлөр үчүн бирдей шарттарды, товарлардын эркин кыймылын, керектөөчүлөрдүн жана жөнгө салынуучу субъекттердин кызыкчылыктарынын балансын сактоону камсыз кылууга, ошондой эле табигый монополиялар чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттердин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планынын (жол картасынын) 10-пунктунда (ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген) жакындаштырууга тийиш болгон мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын тизмегин кабыл алуу каралган.