Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "Россиялык өнөр жайчы-2024" эл аралык форум-көргөзмөсүнүн пленардык сессиясынын ишине видео-форматта катышты.
Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык кызыкчылыктары өнөр жай өнөктөштүгүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүнү өбөлгөлөйт деп белгиледи. Кабыл алынган "2030-жылга чейинки мезгилге өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары" жаңы стратегиялык документи буга мисал болуп саналат, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономиканын реалдуу секторундагы ишмердигинин артыкчылыктары аныкталган. Алардын катарында – Бирликтин ички рыногунун потенциалын пайдаланууда күч-аракеттерди бириктирүү, өнөр жай-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, экспорттук рыноктордо өз ара иштешүү.
ЕЭК министри форумдун катышуучуларына ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациялык долбоорлорун каржылык колдоо механизми жөнүндө да айтып берди.
"Бул экономиканын реалдуу секторундагы интеграциянын жаңы деңгээли. Колдоо чарасы катары Бирликтин бюджетинен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга каржылык уюмдар тарабынан берилген насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо аныкталган. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилери мындай долбоорлор үчүн мурда болуп көрбөгөндөй шарттарды жактырышты – бул мүчө мамлекеттин борбордук банкынын негизги ченин жүз пайыздык компенсациялоо. Жаңы механизм пилоттук катары иштелип чыкты жана долбоорлорду жеңилдетилген насыялоонун тиешелүү тутуму ЕАЭБде беш жыл иштейт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Гоар Барсегян бизнестин өкүлдөрү менен түз диалог өзөгүндө өз ара кызыкчылык камтылган евразиялык кооперациялык долбоорлорго катышуучуларды тартуунун актуалдуу маселелерин чечүүдө түшүнүүгө жетишүүгө мүмкүндүк берет деп жыйынтыктады.