Жаңылыктар

29.05.2023 (Обновлено: 01.06.2023 09:32)

ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын башынан тарта 104,4%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын апрелинде 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 104,4%ды, үстүбүздөгү жылдын мартына салыштырмалуу — 102%ды түзгөн.
Декабрга салыштырмалуу "электр менен камсыздоо, газ, буу берүү жана абаны кондициялоо" ишмердигинин түрү боюнча өндүрүүчүлөрдүн бааларынын – 8,3%га олуттуу өсүшү белгиленген. Мында "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, калдыктарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү контролдоо" ишмердигинин түрү боюнча өндүрүүчүлөрдүн баалары 5,6%га, кен казуу өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө – 4,1%га, иштетүү өнөр жайында – 3,9%га жогорулаган.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө