Жаңылыктар

01.07.2022 (Обновлено: 12.07.2022 12:00)

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2022-жылдын май айында 93,5% түздү

Өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын ЕАЭБ боюнча индекси май айында 2022-жылдын апрель айына салыштырмалуу 93,5%, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 109,1% түздү.

Өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу өсүшү алардын негизинен кайра иштетүү өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өсүшүнүн эсебинен болду (10,5%га). Тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн баалары 8,3%га өскөн, ишмердиктин "электр энергиясы менен камсыз кылуу, газ, буу берүү жана абаны кондициялоо" түрү боюнча – 1,8%га, "суу менен камсыз кылуу; канализация тутуму, калдыктардын чогултулушун жана бөлүштүрүлүшүн контролдоо" түрү боюнча – 0,6%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.