Жаңылыктар

25.02.2022 (Обновлено: 21.03.2022 14:19)

ЕАЭБ өлкөлөрүндө чет өлкөлүк товарлар пилоттук режимде көзөмөлдөнмөкчү

25-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев ЕАЭБдин аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Комиссия мүчө мамлекеттердин эксперттери менен биргеликте 2021-жылдын 1 июлунан 2022-жылдын 31-мартына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүндө чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бүткүл ченемдик базаны иштеп чыкты жана макулдашты. Бул – Коллегиянын жети чечими жана ЕЭК Кеңешинин эки чечими. Алардын баары кабыл алынды.

Эске сала кетсек, макулдашуу 2021-жылдын февраль айында күчүнө кирген. Ал Бирликте чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө тутумун түзүүгө багытталган. Анын негизги милдети товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан экинчи мүчө мамлекеттин аймагына ташууда алардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо болмокчу.

Мындай тутум бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуунун ар түрдүү схемаларынын колдонулушун жокко чыгарган шарттарды түзмөкчү. Ошондой эле, ал мындай товарларды жүгүртүүгө байланыштуу операциялардын мамлекеттер тарабынан контролдонушун камсыз кылат.