Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 1-октябрда Ереванда (Армения Республикасы) өткөн отурумунда 22 маселени карашты.
Өкмөттөр аралык кеңеш Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитти. Бул ЕАЭБ жөнүндө Келишимде кабыл алуу каралган электр энергиясынын жалпы рыногунун иштөө эрежелеринин топтомундагы жыйынтыктоочу документ.
2024-2026-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн жарандык авиация жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тескеме жактырышты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү 2025-жылдын 1-январына чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун аба кемелеринин учууга жарактуулугу чөйрөсүндөгү ченемдерине жана принциптерине ылайык мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иштерди уюштурушат.
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү концепциясына кол коюшту. Товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүүнүн башкы максаттары болуп биржалык товарларга объективдүү рыноктук бааларды түзүү, Бирликте соода көлөмүнүн өсүшү, улуттук валюталарда эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана дүйнөлүк рынокто ЕАЭБ товарларына адилеттүү баа түзүүнү калыптандыруу саналат. Ошол эле учурда энергетикалык товарларды биржалык соодалоонун маселелери энергетикалык ресурстардын жалпы рынокторун түзүү боюнча иштердин алкагында макулдашылат.
Өкмөттөр аралык кеңеш 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосунда алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө отчетту карады. Документке ылайык 2022-жылга салыштырмалуу мүчө мамлекеттердин бюджеттерине алып келүү алымдарынын түшүүсү 46,8%га көбөйүп, рекорддук 14,8 миллиард долларга жеткен. 2023-жылы чогултулган жана бөлүштүрүлгөн алымдардын суммасы 2015-жылдан тартып алып караганда максималдуу болуп саналат.
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 1-октябрда Ереванда орто мөөнөттүү стратегиялык документти – 2030-жылга чейин ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын бекитишти. Өнөр жай кызматташтыгы үчүн жаңы орто мөөнөттүү багыттар Бирликте өнөр жайдын өнүгүү тенденцияларына ылайык келет. Ошондой эле 2024-2025-жылдарга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору, мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары чийки заттары, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талап жана сунуш баланстары жактырылды.
Мындан тышкары, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин талааларында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планына кол коюшту.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганынын он жылдыгына байланыштуу почта маркаларын сунуштоонун расмий аземи болуп өттү.
Өкмөттөр аралык кеңеш кийинки отурум 12-13-декабрда Москвада өтөөрүн аныктады.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары – ЕӨАК Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. Отурумга ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын Биринчи Вице–президенти Мохаммад-Реза Ареф катышты.