Жаңылыктар

10.06.2022

ЕЭК Кеңешинин 10-июндагы отурумунун жыйынтыктары

10-июнда Нур-Султанда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусу менен бетме-бет форматта болуп өттү.

ЕЭК Кеңеши жүргүнчү ташуучу жарандык учактардын айрым түрлөрүн алып келүүгө карата тарифтик жеңилдиктердин аракеттенүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө атайын убактылуу чаралардын пакетин кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экинчи протоколду бекитти. Документ медициналык буюмдарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелер боюнча каттоо мүмкүнчүлүгүн караштырат.

ЕЭК Кеңеши төмөн вольттуу жабдууларга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Кеңеши Бажы бирлигинин "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди жана эрежелердин № 1 тиркемесиндеги жаңы товардык позициялар үчүн шарттарды аныктады


Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер

– "Бажы бирлигинин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 004/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– "Бажы бирлигинин "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламентине (ББ ТР 020/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медицина багытындагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.

– "Казакстан Республикасы тарабынан, Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, алып келүү бажы алымдарынын Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы алымдарынын коюмдарына салыштырмалуу бир кыйла төмөн коюмдары колдонулган товарлардын жана жаңгактардын жана үрөндөрдүн айрым түрлөрүнө карата мындай алымдардын коюмдарынын өлчөмдөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– "Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 2.1.2-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" тескеме.

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору жөнүндө" чечим.

– "Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 "Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажылык-тарифтик жөнгө салуусу жөнүндө" чечимине жүргүнчү ташуучу жарандык учактардын айрым түрлөрүнө карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим.

– "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын жүгүртүү өзгөчөлүктөрүн белгилөө боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" чечим.

– "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– "Сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификаттын аракеттүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө" чечим.

– "Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– Бажы бирлигинин "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 031/2012) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим.