Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 10:56)

Парфюмериялык-косметикалык продукциянын курамына карата талаптар өзгөртүлдү

ЕЭК Кеңеши "Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен парфюмериялык-косметикалык продукцияларда колдонууга тыюу салынган жана уруксат берилген заттардын тизмеги такталды. Ошондой эле уруксат берилген боектордун, консерванттардын жана УФ-фильтрлердин тизмеги өзгөрдү.

Атап айтканда:

– парфюмериялык-косметикалык продукцияда колдонууга тыюу салынган заттардын тизмеси 296 позиция менен толукталат;

– чектөөлөрдү эске алуу менен пайдаланууга уруксат берилген заттардын тизмеси 12 позиция менен толукталат, ошону менен бирге алты позиция алынып салынат;

– колдонууга уруксат берилген консерванттардын тизмегинен төрт позиция алынып салынат. Өзгөртүүлөр расмий жарыялангандан бир жылдан кийин күчүнө кирет.