Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 11:10)

ЕАЭБдин техрегламенттерине карата стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартиби өзгөрдү

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин жаңы редакциясын бекитишти. Мындан мурдагы версиясы 2016-жылдын 18-октябрында кабыл алынган.

Атап айтканда, жаңыртылган тартипте бир катар жаңылыктар каралган.

Улуттук стандарттар эми стандарттардын тизмектеринин долбоорлоруна киргизилет, мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча органдары жана Бирлик өлкөлөрүнүн ЕАЭБдин техникалык регламентин иштеп чыгууга катышкан органдары менен макулдашуу боюнча өзгөртүлөт же жокко чыгарылат.

Стандарттардын тизмегинин долбооруна изилдөө жана өлчөө методикалары, мүчө мамлекеттердин улуттук маалымат фонддорунда берилген маалыматтар киргизилиши мүмкүн.

Тизмектерге киргизилген стандарттардын колдонулушу Бирликтин өлкөлөрүнүн аймактарында улуттук мыйзамдарга ылайык мындай стандарттар тизмектерден чыгарылгандан кийин гана токтотулат.

Сүйлөшүлгөн учурларда стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү тездетилген жол-жобо боюнча (ачык талкуулоосуз жана консультативдик комитеттин отурумунда каралбастан), анын ичинде мамлекеттер аралык стандарттарды аларды иштеп чыгуу программаларына ылайык бекитүүдө киргизүүгө болот. Бул ЕАЭБ техникалык регламенттерин колдонуу максатында заманбап стандарттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн тездетет.

Тизмелерге киргизилген изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн методикаларынын тексттерине жетүүдө кыйынчылыктар болгондуктан, тартипке катара № 2 тиркеме иштелип чыгып, анда аларга жеткилик берүү тартиби белгиленет.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин тапшырмасы кабыл алынып, ага ылайык ЕАЭБ техникалык регламенттерине карата стандарттардын тизмелерине киргизилген методикалар, эгерде алардын укук ээлери бул методикаларга жеткилик бербесе, алардан чыгарылат.