Жаңылыктар

20.12.2023

Өнүгүү институттары консорциумуна Кыргыз Республикасынан жаңы катышуучу кошулду

Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту (КР ЭСИИ) өнүгүү институттарынын консорциумуна кошулду. Тиешелүү келишимге 18-декабрда Москвада Стратегиялык демилгелер агенттиги уюштурган өнүгүү институттарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

Буга чейин Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнүгүү институтун түзүү маселесин Кыргыз Республикасы демилгелеген. Евразия экономикалык комиссиясынын көмөгү менен өнүгүү институттарынын консорциумун түзүү чечими кабыл алынды. Ага Армения Республикасынын Стратегиялык өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Стратегиялык демилгелер агенттиги (Россия Федерациясы) кирген.

КР ЭСИИ консорциумдун төртүнчү катышуучусу болду. Ага кошулуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземине КР ЭСИИ директору Санжар Муканбетов жана консорциумдун координациялык кеңешинин төрайымы, Cтратегиялык демилгелер агенттигинин башкы директору Светлана Чупшева катышты.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилегендей, өнүгүү институттарынын консорциумун түзүү биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, мыкты иштелмелерди алмашуу жана региондордо инвестициялык ишмердүүлүктүн жалпы методологиялык принциптерин калыптандыруу үчүн маанилүү кадам болуп калды.

"Бул биргелешкен интеграциялык долбоорлорду өбөлгөлөөнүн жаңы механизми болуп калды. Өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз", – деди Сергей Глазьев.

2024-жылы консорциум биргелешкен долбоорлорду табууга, кооперацияга көмөктөшүүгө, мүчө мамлекеттерде инвестициялык активдүүлүктү жана алардын региондорунун жагымдуулугун жогорулатууга багытталган "Евразиялык интеграциянын символдору" конкурсун өткөрөт.

Ишкер жолугушууга эл аралык уюмдардын, Азия, Африка, Түштүк-Чыгыш жана Европа региондорунун өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Маалымат

Өнүгүү институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө макулдашууга 8-июнда Сочиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин талааларында кол коюлган. Консорциум - бул тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлерине колдоо көрсөтүү, келечектүү кооперациялык долбоорлорду илгерилетүүгө бирдиктүү мамилелерди түзүү үчүн аянтча.

Стратегиялык демилгелер агенттиги (СДА) — Россия Федерациясынын Президентине караштуу долбоордук кеңсе. Агенттик коомдук маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди колдоо жолу менен орто ишкердик чөйрөсүндө жана социалдык чөйрөдө жаш кесипкөй кадрлардын жана жамааттардын социалдык жана кесиптик мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту (КР ЭСИИ) 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине практикалык изилдөө иштерин жүргүзүүдө жана учурдагы экономикалык саясатты талдоодо эксперттик колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Мындан тышкары, уюмдун милдеттеринин арасында – глобалдык жана регионалдык чакырыктар жана тобокелдиктер шарттарында стратегиялык документтерди иштеп чыгуу бар.