Жаңылыктар

16.04.2024

ЕЭК Коллегиясы баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын ташып келүү/ташып чыгуу маселелерин жөнгө салууга өзгөртүүлөрдү киргизди.

"Өзгөртүүлөр баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштырууга, мамлекеттик контролдон өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө, тышкы соода ишинин катышуучулары тарабынан мамлекеттик органдарга берилүүчү документтердин тизмесин оптималдаштырууга, ошондой эле бирдей товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын колдонууга багытталган", — деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.


Анын сөзү боюнча, кеп атап айтканда, баалуу металлдардын үлүшү массасынын 2%нан ашпаган товарларды жөнгө салуудан чыгаруу жөнүндө болууда. Ошондой эле документтерди электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик контролду ишке ашыруу үчүн документтердин көчүрмөлөрүн (экспортко лицензия, товарларга спецификация) түп нускалардын ордуна берүүгө уруксат берилет.

Мындан тышкары, эгерде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорун колдонуунун максаты товарларды оңдоо болуп саналса жана башка бир катар өзгөртүүлөр киргизилсе, товарларды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документтин болушу жөнүндө талаптар алынып салынат.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.