Жаңылыктар

12.08.2022 (Обновлено: 19.08.2022 13:33)

Комиссия ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексиндеги кооперацияны демилгелейт

Евразия экономикалык комиссиясы агроөнөр жай комплекси тармагындагы өнөр жай кооперациясын демилгелөөгө, импортту алмаштыруу максатында тармактын инновациялык өнүгүүсүнө, атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы продукцияны өндүрүүгө жана жалпысынан эле айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө жана Евразия экономикалык бирлигинде азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө кылдат көңүл бөлөт.

Бул багыттагы иштин натыйжасы Армения Республикасынын Өкмөтүнүн, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) жана "Еремян Фарм" ЖАКнын (Армения) ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдун түзүлүшү болду. Документтин максаты – Армения Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жана агроөнөр жай комплекси жаатындагы туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. ЕАӨБ чийки затты кайра иштетүүнү тереңдетүүгө жана өндүрүлгөн продукциянын кошулган наркын көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн АӨК тармагындагы долбоорлорду каржылоо аркылуу Армениянын Өкмөтүнө көмөк көрсөтөт. Арменияда өлкөлүк стратегияны ишке ашыруунун алкагында ЕАӨБ "Еремян Проджектс" Компаниялар тобу тарабынан ишке ашырылган жана "Армения Республикасында мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2019–2024-жылдарга карата программасынын" милдеттерине шайкеш келген айыл чарба жана азык-түлүктөрдү өндүрүү чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорду каржылайт.

"Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК блогу жүргүзүп жаткан, ЕАЭБ мамлекеттеринин ишканаларынын ортосундагы кооперацияны өнүктүрүү боюнча иш практикалык натыйжаларды берүүдө. Бул биргелешкен долбоордо кооперациялык бөлүктүн өзгөчө мааниге ээ экендиги кубандырбай койбойт, анткени бул жерде армян компанияларынан сырткары Россиянын жана Беларустун ишканалары да бар. Бул аталган процессте ЕАЭБде өндүрүлгөн үрөндөр, малдар, айыл чарба техникасы, өндүрүштүк-техникалык жабдуу продукциясынын бир катар түрлөрү колдонулат дегенди түшүндүрөт. Бул абдан маанилүү фактор, – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. – Бирликтин өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу – биздин жалпы стратегиялык милдетибиз. Мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү зарыл".

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү бүгүнкү күндө туруксуз глобалдык экономикалык жагдайдан, COVID-19дун таралуу коркунучунан улам өзгөчө мааниге ээ болууда. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иши ички рынокту Бирликте өндүрүлгөн тамак-аш азыктарына жана агроөнөр жай комплекси үчүн материалдык-техникалык ресурстарга каныктырууга, ошондой эле Бирликтин жалпы агрардык рыногунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга оң таасир берет.

"Азыркы учурда, дүйнө азык-түлүк коопсуздугу маселесинде туш келип жаткан сыноолорду эске алуу менен, бул программа абдан актуалдуу. Айыл чарбасын өнүктүрүү биздин өкмөттүн приоритеттеринин бири болуп саналат. Инновациялык технологияларды колдонуу менен агроөнөр жай комплексин модернизациялоо жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнү камсыз кылат, ал эми бул өз кезегинде биздин өлкө үчүн экономикалык гана эмес, социалдык да мааниге ээ болмокчу", – деп белгиледи Армения Республикасынын вице-премьери Мгер Григорян.

ЕАӨБ кредиттик келишимдин алкагында толук өндүрүш циклин өнүктүрүүгө, анын ичинде аз кирешелүү жаныбарларды асыл тукум ири мүйүздүү малга алмаштырууга, тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү үчүн айыл чарба аянттарын кеңейтүүгө, эт жана сүт продукциясынын өндүрүш көлөмдөрүн көбөйтүү максатында активдерди модернизациялоого 25 млн долл. жумшамакчы. Долбоордун жалпы наркы – 31 млн долл. 1200 баш асыл тукум ири мүйүздүү малга эсептелген сүт-товар фермасын жана 6000 баш чочко фермасын куруу пландаштырылууда.

Маалымат

"Еремян Проджектс" Компаниялар тобу – Армениядагы коомдук тамактануу, ресторандык бизнес, сервис, кесиптик билим берүү, айыл чарба жана тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү лидерлердин бири. Жабык циклди камсыз кылуу үчүн компания Вайоц Дзордо мал чарбачылык фермасын, Тавуш регионунда – чочко фермасын, Арарат регионунда – тоют тегирменин, Ереванда – "Арцах" ашкана-фабрикасын ачуу менен, 2019-жылдан бери "Үрөндөн столго чейин" концепциясына негизделген бизнес-өнүгүү стратегиясын ишке ашырып келет.