Жаңылыктар

16.03.2023 (Обновлено: 20.03.2023 09:38)

ЕЭКтин атаандаштык блогу жана КЭРдин Финансы министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алуулар маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык бирлигинде сатып алууларды жөнгө салуу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директору Жанар Адикова 15-мартта ЕЭКтин атаандаштык блогунун өкүлдөрүнүн Кытай Эл Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтып берди.

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна өз ара кызыгуу ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын жолугушууларынын жүрүшүндө бир нече жолу баса белгиленген.

Жанар Адикова баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБде мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун негизги максаттары - Бирлик мамлекеттеринин жеткирүүчүлөрүнүн бири-биринин сатып алууларына тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо, катышуучуларга "конок" сатып алууларда улуттук режимде катышууга уруксат берүү, ошондой эле сатып алуу процессинин маалыматтык ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо болуп саналат.

"ЕАЭБде мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу регионалдык жана улуттук деңгээлдерде ишке ашырылат. Комиссия сатып алуулар жана ЕАЭБ укугун сактоо боюнча улуттук мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү боюнча компетенцияга ээ", – деп белгиледи Жанар Адикова.

Департаменттин директорунун орун басары Армине Акопян кытайлык кесиптештеринин кызматташтыкка жогорку кызыгуусун, алардын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга даярдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал бул чөйрөдө улуттук мамлекеттик органдарды кызыктырган маселелердин бар экендигин белгилеп, жана алардын өкүлдөрү кытайлык кесиптештери менен кийинки жолугушууларга чакырыларын билдирди.

ЕАЭБ укугунда каралган, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимди берүү боюнча милдеттенмелери жана андан алып салууларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу кытай ведомствосунун өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Өз кезегинде КЭРдин Финансы министрлигинин адистери Кытайдагы мамлекеттик сатып алуулардын укуктук тутумунун негиздерин тааныштырып, электрондук сатып алуулардын алдыңкы тутумун пайдалануу жөнүндө кеңири айтып беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, диалогду улантууну макулдашышты..