Жаңылыктар

02.11.2024

Транспорт боюнча консультативдик комитет тоскоолдуксуз транзитти өнүктүрүү демилгесин талкуулады

ЕАЭБде бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү үчүн санариптик технологияларга өтүү маселесин Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин отурумунда профилдик ведомстволордун өкүлдөрү талкуулашты. Отурум 1-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өттү.

Казакстан Республикасынын өкүлдөрү Борбордук Азия регионунда, Транскаспий каттамында жана Закавказье өлкөлөрүндө жүк ташууларды жөнөкөйлөтүү боюнча "Тоскоолдуксуз транзит" долбоорун презентациялашты, ал ушул жылдын май айында Кытай-Казакстан-Өзбекстан (Түштүк транспорт коридору) багыты боюнча ишке киргизилген. Ал казак-кытай чек арасындагы Алтынкөл темир жол өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан Борбордук Азияга жана Европага каттамдар боюнча темир жол транспорту менен контейнердик ташууларды автоматтык түрдө башкарууга мүмкүндүк берет. Долбоор Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана "Казакстан темир жолу" УК АК катышуусу менен ишке ашырылууда. 2025-жылдын 1-кварталында долбоорду Кытай-Казакстан-Россия-Беларусь (Түндүк транспорттук коридор) багыты боюнча ишке киргизүү пландаштырылууда. Отурумдун катышуучулары санариптик платформаны иштеп чыгуучуларга долбоорду ЕАЭБ алкагында автомобилдик ташууларга масштабдоо мүмкүнчүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүүнү сунушташты.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимдин темир жол транспорту жагында жоболорунун ишке ашыруусу жөнүндө Комиссиянын маалыматын угушту. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандык авиация, инфраструктуралык өнүгүү жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү, мүчө мамлекеттердин эл аралык транспорттук коридорлор боюнча ташуулар жөнүндө көп тараптуу макулдашууларга катышуусу, "бешилтик" өлкөлөрүнүн транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга үчүнчү өлкөлөрдүн катышуу мүмкүнчүлүктөрү маселелери каралды.

Ошондой эле Консультативдик комитеттин мүчөлөрү 2024-2026-жылдарга ЕАЭБде координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасын аткаруунун маанилүүлүгүн талкуулашты. ЕЭК министри белгилегендей, өкмөт башчыларынын тапшырмасы боюнча мүчө мамлекеттери жана Комиссия кийинки жылдын 1-февралына чейин жол картасынын кошумча иш-чараларын макулдашуусу зарыл.

Отурумда Комитет ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун жактырды.