Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
21.09.2023

Михаил Мясникович Никол Пашинянды Армения Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды өлкөнүн негизги улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Эгемендүүлүк жылдарында Армения социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти", – деп айтылат куттуктоо катында.

ЕЭК Коллегиясынын башчысы Никол Пашиняндын натыйжалуу жана даанышман жетекчилиги астында Армения жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууда жаңы ийгиликтерге жетишет жана Евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт деген ишенимин билдирди.


Михаил Мясникович Никол Пашинянга чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Армения Республикасына – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.