Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов отурумга катышып, бажы кызматы ар дайым мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү, улуттук кызыкчылыктарды коргоонун кепили болуп келгенин жана болуп кала берерин, ал эми дүйнөлүк экономика аалашдашкан шартта эл аралык бажы кызматташтыгы ар бир мамлекеттин экономикалык саясатынын маанилүү компоненттеринин бири болуп саналарын белгиледи.Максат Мамытканов Комиссиянын жана Бириккен коллегиянын биргелешкен ишмердиги мындан ары да жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.
Эске салсак, 2011-жылы түзүлгөн Бириккен коллегия, - Бирликтин кыйла тажрыйбалуу жана натыйжалуу интеграциялык органдарынын бири болуп саналат. Ал бажылык башкаруунун бирдиктүү принциптерин колдонуунун алкагында бирликтик мамлекеттердин бажы кызматтарынын практикалык иш-аракеттерин координациялайт, өз ара алгылыктуу унификацияланган чечимдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу, ошондой эле бажы чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү ыкчам жөнгө салуу үчүн аянтча катары кызмат кылат.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү