Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана өз ара катышуунун үлүшүн көбөйтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин жана Беларусь Республикасынын Биринчи вице-премьери Николай Снопковдун жолугушуусунда көңүл борборунда болду.
Максим Ермолович баса белгилегендей, ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар рыногунун көлөмү 190 миллиард АКШ долларынан ашты жана өсүүнү улантууда, бирок мамлекеттик сатып алууларга өз ара катышуу азырынча аз.
"Протекционизмден өз ара баш тартуу аркылуу гана өлкөлөр өз соодасын өнүктүрүп, атаандаштыкты жогорулата алышат", – деди ЕЭК министри.
Өз кезегинде Николай Снопков беларус товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү көбөйүп жатканын, беларустук ишканалар мамлекеттик сатып алууларга жигердүү катышарын белгиледи.
"Негизги багыт – "бешилтиктин" жалпы рыногу кыйла ачык болушу. Бул үчүн ар кандай улуттук алып коюуларды четтетүү, бирдей мүмкүнчүлүктү жана атаандаштыкты бирдей шартта камсыз кылуу керек", – деди Николай Снопков.