Жаңылыктар

23.10.2024

Максим Ермолович товардык рыноктордо атаандаштыктын абалын демилгелүү баалоо функциясын активдештирүүнү сунуштады

23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Астанада X Евразия монополияга каршы форумуна катышты. Ал өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү атаандаштык мейкиндигин бекемдөөгө жана ЕАЭБде монополияга каршы жөнгө салууну шайкеш келтирүүгө багытталган негизги стратегиялык милдеттерди белгиледи.

ЕЭК министринин сөзү боюнча, Евразия экономикалык комиссиясы 2025-жылы фармацевтика, косметикалык товарлар жана маркетплейстер рынокторуна Евразия экономикалык бирлигинде монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилеринин болушуна сектордук талдоо жүргүзүүнү пландаштырууда. 

"Биз 2025-жылдын аралыгында изилдегибиз келген айрым товарлардын 17 рыногун аныктадык. Мындан тышкары, Бирликтин экономикасынын секторалдык талдоо жүргүзүлө турган үч сектору аныкталды. Секторалдык талдоону калк үчүн көбүрөөк сезимтал болгон рыноктор боюнча жүргүзүүнү пландаштырып жатканыбызды айткым келет. Бул фармацевтикалык рынок, парфюмериялык-косметикалык товарлар рыногу жана санариптик соода платформалар рыногу", – деди ЕЭК министри.

Максим Ермолович Комиссияны монополияга каршы мыкты тажрыйбаларды жайылтуу үчүн борборлоштурулган аянтча катары пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул ЕАЭБдин чегинен тышкары катталган, бирок мүчө мамлекеттердин рынокторуна таасирин тийгизген чарбакер субъекттерге карата өзгөчө актуалдуу.

Мындан тышкары, ЕЭК министри монополияга каршы укук колдонуу жол-жоболорун өркүндөтүү маселесин козгоп, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕАЭБ Сотунун ортосунда тыгыз иштешүү зарылдыгын баса белгиледи. Соттук жол-жоболордун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы ЕАЭБде бизнес үчүн укуктук чөйрөнүн туруктуулугун жана божомолдуулукту камсыздоо үчүн негизги фактор болуп саналат.

Чек аралык рыноктордо атаандаштык чөйрөсүндө ЕЭКтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Максим Ермолович атаандаштыктын абалына демилгелүү баа берүү функциясын активдештирүүнү сунуштады, айрыкча демпингге каршы чаралар колдонулган же жогорку концентрация байкалган рыноктордо. Бул атаандаштыктын потенциалдуу коркунучтарын өз убагында аныктоого жана алдын алуучу чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

Чыгып сүйлөөнүн алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоонун моделдик методикасын түзүү анонстолду, ал өзүнө санариптик платформалардын рыноктук бийлигин аныктоонун критерийлерин жана санариптик сервистердин иши жөнүндө маалыматты ачуу механизмдерин иштеп чыгууну камтыйт. Бул багыттын маанилүүлүгү санариптик технологиялардын тез өнүгүп жатканына жана экономикадагы платформалардын ролунун өсүшүнө байланыштуу.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Максим Ермолович "ЕАЭБ мейкиндигиндеги санариптик рыноктор: изилдөөнүн, монополияга каршы жөнгө салуунун жана укуктук камсыздоонун актуалдуу маселелери" эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүнү жарыялады, ал үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өтмөкчү. Иш-чаранын уюштуруучулары — ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогу жана М.В. Ломоносов атындагы ММУнун юридикалык факультети. Конференция заманбап санариптик экономика шарттарында атаандаштыктын жалпы принциптерин жана эрежелерин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана илимий негиздүүлүгүн талкуулоо үчүн монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы алдыңкы эксперттерди, экономисттерди жана юристтерди бириктирүүгө багытталган.