Жаңылыктар

21.11.2024

Максим Ермолович: "Комиссиянын ЕАЭБ Соту менен атаандаштык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү Бирликтин укугун бир түрдүү колдонууну камсыз кылууга өбөлгө түзөт"

Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун VII Эл аралык конференциясынын 21-ноябрда Минскте өткөн пленардык отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Бирликтин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыкты жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын өнүктүрүү боюнча өзү жетектеген блоктун иши менен тааныштырды.

ЕЭК министри атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколго оңдоолор каралган "IV Чоң Протокол" долбоорун даярдоону бөлүп көрсөттү. Анын айтымында, арыздарды (материалдарды) кароонун, териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн, чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароонун тартибин жөнгө салуучу документтерди андан ары өркүндөтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Сессияда рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү критерийлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду, ал Комиссия менен улуттук монополияга каршы органдардын ортосундагы компетенцияларды чектөөнү аныктайт. Максим Ермоловичтин пикири боюнча, "мындай улуттуктан жогорку ыйгарым укуктардын болушу интеграциялык бирикме катары ЕАЭБдин укуктук мүнөзүн күбөлөндүрөт". Бирдей атаандаштык шарттарын түзүүнүн аркасында төрт эркиндик принцибин толук кандуу ишке ашыруу камсыз кылынат.

Комиссиянын ЕАЭБ Соту менен өз ара иштешүүсүнө токтолуп, Максим Ермолович мындай деп баса белгиледи: "Биз Бирликтин Сотунун тажрыйбасын кылдат талдап, өзүбүздүн укук колдонуу жана мыйзам чыгаруу ишмердигибизди түзөтүп жатабыз. Биздин атаандаштык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүүбүз Бирликтин укугун бирдей колдонууну камсыз кылууга өбөлгө түзөт". Атап айтканда, Комиссия жеке жактарга ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүү үчүн Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү даярдоону уюштурган.