Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Москвада европалык бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
"Комиссия үчүн бизнес менен, анын ичинде европалык өлкөлөрдүн бизнеси менен өз ара аракеттешүү, анын ишинин стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Максат – Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү", – деп белгиледи Максим Ермолович.
Жолугушуунун катышуучулары үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу, атаандаштыкка каршы келишимдер, нысапсыз атаандаштык сыяктуу маселелердин кеңири спектрин козгошту. Бирликте атаандаштыктын эрежелерин жана ЕЭКтин бул жааттагы компетенциясын бузуулар жөнүндө арыздарды берүү тартиби талкууланды. ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулардын актуалдуу темалары жана евразиялык интеграция шарттарында аларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Европалык бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун сектордук талдоолорду, атап айтканда фармацевтикалык өнөр жай рыногун жана электрондук соода аянтчаларын (маркетплейстерди) талдоолорду өткөрүү боюнча ишине көмөктөшүүсү жөнүндө макулдашылды.