Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
30.10.2023

Агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттер аралык кооперация ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Арменияга болгон иш сапарынын алкагында Лорий областынын Ташир коомчулугунда "Еремян Проджектс" компаниялар тобунун инновациялык мал чарба комплексинин ачылышына катышты.

Долбоор Армения Республикасынын Өкмөтүнүн, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) жана "Еремян Фарм" компаниясынын ортосунда 2022-жылдын августунда кол коюлган үч тараптуу меморандумду практикалык ишке ашыруунун биринчи кадамы болду. Документтин максаты Армениянын азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. 

"2019-2024-жылдарга Армения Республикасында мал чарбачылыгын өнүктүрүү программасынын" милдеттерине ылайык келген айыл чарба жана тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоор ЕЭКтин координациясы жана ЕАӨБдүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. ЕАӨБ агроөнөр жай комплексинин жаңы ишканасын куруу жана жабдуу үчүн 32 млн АКШ долларын берген.

1,5 миң баш бодо малга эсептелген заманбап мал чарба комплекси рекорддук 14 айда курулган. Анын кубаттуулугу күнүнө 45 миң литр сүттү түзөт. Комплекстин курамына кирген чочко фермасы жылына 17 миң башка чейин мал өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда Ереванда сүт жана эт азыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоодо. Инновациялык мал чарба комплексинин жетекчилиги жогорку көрсөткүчтөрдү заманбап технологияларды колдонуу камсыздай турганын белгиледи. Долбоорду ишке ашыруу аталган аймакта 120 кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кооперациялык кызматташтыкты өбөлгөлөө, анын ичинде бизнес менен каржы институттарынын кызматташуусу үчүн натыйжалуу аянтчаны түзүү ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси блогунун ишинин маанилүү артыкчылыктарына кирет. Арменияда долбоорду ишке ашыруу боюнча түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн алкагында асыл тукум мал Россиянын Калининград облусунан сатылып алынат. Комиссиянын эксперттери жаңы ишкананын иши азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн АӨК тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоорун белгилешет.

Маалымат

"Еремян Проджектс" компаниялар тобу – Армениядагы коомдук тамактануу, ресторандык бизнес, сервис, кесиптик билим берүү, айыл чарба жана тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү лидерлердин бири. 17 жылдык ишмердүүлүгүнүн аралыгында компания ондон ашык чечкиндүү, уникалдуу концептуалдык долбоорлорду түзүп, ишке ашырган, Арменияда ресторан индустриясын жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Жабык циклди камсыз кылуу үчүн компания Вайоц Дзордо мал чарбачылык фермасын, Тавуш регионунда – чочко фермасын, Арарат регионунда – тоют тегирменин, Ереванда – "Арцах" ашкана-фабрикасын ачуу менен, 2019-жылдан бери "Үрөндөн столго чейин" концепциясына негизделген бизнес-өнүгүү стратегиясын ишке киргизип жана жүзөгө ашырып келет.