Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчыларына мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жагдай жөнүндө маалыматты жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды көрсөттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 24-февралда Нур-Султанда болуп өттү.
ЕЭКтин баяндамасынын толук тексти сайтта жарыяланган.
Документте белгиленгендей, акыркы эки жылда дүйнөдө жана ЕАЭБде макроэкономикалык жагдай COVID-19 пандемиясынын, геосаясий чыңалышуунун, соодалык протекционизмдин олуттуу таасири астында калыптанууда. ЕАЭБдин экономикасы 2020-жылдагы төмөндөөдөн кийин кайра калыбына келүүдө: жагымдуу тышкы экономикалык конъюнктура Бирликтин мамлекеттеринде керектөөчүлөрдүн жана инвестциялык суроо-талаптын жанданышына, жумуштуулуктун көбөйүшүнө өбөлгө болду.
ЕЭКтин баалоолору боюнча, 2021-жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин ИДӨсүнүн өсүшү 4,5% түздү. Бул Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттамаларында 2021 – 2022-жылдарга карата белгиленген маанилерге шайкеш келет.
Беларустун, Казакстандын жана Россиянын экономикалары пандемияга чейинки деңгээлге жетти. Өз ара жана тышкы соода олуттуу түрдө өстү. 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча өз ара сооданын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 31,9%га өсүп, 72,6 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү максималдуу тарыхый мааниге жетти. Тышкы рыноктогу позициялар бекемделүүдө. 2021-жылда ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөргө экспорту 44,1%га өсүп, 2015-жылдан бери максималдуу мааниге – 525,6 млрд АКШ долларына жетти.
"Пандемия ишкердик активдүүлүккө терс таасир тийгизгени менен, жаңы технологиялык тартиптин өнүгүүсүнө байланыштуу прогрессивдүү түзүмдүк өзгөрүүлөргө өбөлгө түздү, – деп айтылат баяндамада. – Оң түзүмдүк өзгөрүүлөр көздөлүүдө. ЕАЭБде ички өндүрүштүн жана өз ара сооданын өсүшүнүн эсебинен импортту алмаштыруу процесстери тездетилди, тышкы соодада Европа бирлигинин үлүшү азайып, Кытайдын үлүшү көбөйдү, ошондой эле тышкы соодадагы эсеп-кысаптарда улуттук валюталардын үлүшү көбөйүүдө.
Алсак, ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүндө Европа бирлигинин салыштырма салмагы 2015-жылдагы 46,2%дан 2020-жылда 36,7%га чейин азайган. АТЭК жана ШКУ өлкөлөрүнүн ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү, тескерисинче, ошол эле мезгил аралыгында тийиштүүлүгүнө жараша 29,6%дан 36,4%га чейин жана 16,3%дан 24,1%га чейин өскөн.
Экономикалык өсүштүн жаңы тармактык булактары пайда болууда. ЕАЭБде экономикалык активдүүлүк жалпы төмөндөгөн 2020-жылда фармацевтика өнөр жайынын өсүшү 22% түзгөн, байланыш кызматтарынын жана электрондук сооданын көлөмү өскөн.
Баяндамада жаңы технологиялык тартиптеги негизги өндүрүштөр кошумча стимул алгандыгы жөнүндө маалыматтар келтирилет: биоинженердик технологиялар – калктын массалык түрдө вакцина алышына байланыштуу; маалыматтык технологиялар – эмгекчилердин жана окуучу-студенттердин алыстан иштөө жана окуу режимдерине массалык түрдө өткөрүлүшүнө жана товарларды жана транспорт каражаттарын санариптик көзөмөлдөө тутумдарынын киргизилишине байланыштуу; нано- жана микроэлектроника – эсептөө техникасына жана приборлоруна суроо-талаптын кескин өсүшүнө байланыштуу. Саламаттыкты сактоо тармагы да өнүгүүгө чоң түрткү алды.
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө маалыматтык технологиялар секторунун ИДӨдөгү үлүшү өскөн жана Беларусь бул багыттагы лидер болуп саналат. 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагынын ИДӨдөгү үлүшү 7,1%га жеткен (2019-жылда 6,3%). Экинчи орунду Армения ээледи (2019 жана 2020-жылдарда 3,3% жана 3,8%). Башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 2-3% чегинде турат.
"ЕАЭБдеги өндүрүштүк жана илимий-техникалык потенциалды активдештирүү Макроэкономикалык саясаттын 2021-2022-жылдарга карата негизги багыттамаларында белгиленген ЕАЭБдин ИДӨсүнүн жылына 4,5%– 5,5% деңгээлинде өсүшү боюнча максаттарга жетүүгө жана мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча жакындашына ишенүүгө мүмкүндүк берет", – деп баяндаманын авторлору баса белгилешет.
Бүгүнкү күндө Бирликтин өлкөлөрүндө көп колдонулбаган өндүрүш кубаттуулуктарын колдонууга, аларды сапаттык жана технологиялык жактан жаңылоого жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга байланыштуу олуттуу өнүгүү потенциалы бар. 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча, өндүрүш кубаттуулуктарынын жүктөлүү деңгээли Кыргызстанда 50%, Казакстанда 52%, Россияда 62% жана Беларуста 70% түзгөн. ЕЭКтин баалоосу боюнча, иштетүү өнөр жайында өндүрүш кубаттуулуктарын колдонуу деңгээлин 10%га жогорулатуу мүчө мамлекеттерде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүш темптерин улуттук экономикалардын түзүмүнө жараша 6-15%га жогорулашына алып келиши мүмкүн.
Эл аралык тажрыйбаны талдоо көрсөткөндөй, буга ички булактардын эсебинен инвестицияларды өстүргөн шартта жетишүүгө болот. Регионалдык жана улуттук өнүгүү институттарын бул процесске бир кыйла активдүүрөөк тартуу интеграциялык долбоорлордогу инвестицияларды каржылоо булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Экономикалардын туруктуу өнүгүү траекториясына чыгышы ЕАЭБде экономикалык өнүгүү деңгээлинин жакындашына да өбөлгө түзүшү мүмкүн. Учурда кирешеси жогору жана төмөн болгон өлкөлөрдүн ортосунда калктын жан башына эсептегендеги кирешенин деңгээлдеринде 5,5 эседен ашык болгон олуттуу айырма сакталууда.