Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
16.02.2023

Михаил Мясникович жана КМШ, ЖККУнун аткаруучу түзүмдөрүнүн, Бирлик мамлекетинин башчылары РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту

16-ефвралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мсяниковичтин, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) башкы катчысы Сергей Лебедевдин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун, Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцевдин Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алышып, 2022-жылы өз ара иштешүүнүн жыйынтыктарын чыгарышты. Евразиялык интеграцияны андан ары илгерилетүү үчүн кыйла тыгыз байланыштарды түзүүнүн келечеги каралды.