Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиевди туулган күнү менен куттуктады.
"Сиздин кесипкөйлүгүңүздүн, жогорку инсандык сапаттарыңыздын, мамлекеттик ишмердикте бай тажрыйбасынын аркасында, – деп айтылат куттуктоо катында, – Сиз Кыргыз Республикасында, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болдуңуз".
Михаил Мясникович Адылбек Касымалиевдин интеграциялык маселелерди чечүүдөгү ырааттуулугун жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк экономикалык мамилелерди чыңдоого кошкон салымын өзгөчө белгиледи.
Михаил Мясникович Адылбек Касымалиевге чың ден соолук, бейпилдик жана андан аркы ийгиликтерди каалады.