27-28-июлда "Россия-Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Африка бирлигинин Комиссиясынын төрагасы Мусса Факи Махамат жана Африка экспорт-импорт банкынын (Афрэксимбанк) президенти Бенедикт Орама менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Соода кызматташтыгынын перспективалары, өнөр жай жана илимий өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы менен Африка бирлигинин Комиссиясынын төрагасы Мусса Факи Махаматтын жолугушуусунун жүрүшүндө Комиссиянын жана Афробирликтин 2019-жылы түзүлгөн эки тараптуу меморандумду өнүктүрүүдө кызматташтыгы жөнүндө жаңы документти даярдоо маселелери талкууланды.
Михаил Мясникович Африка экспорт-импорт банкынын (Афрэксимбанк) президенти Бенедикт Орама менен ЕАЭБ тажрыйбасынын негизинде африкалык региондо техникалык жөнгө салуу системасын киргизүүнүн перспективаларын талкуулады.
Саммиттин жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Төрагасы Алексей Оверчук, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Россия Президентинин жардамчысы Юрий Ушаков, Санкт-Петербург губернатору Александр Беглов, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий менен актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашты.