Жаңылыктар

18.10.2023

Михаил Мясникович: "ЕАЭБ менен КЭРдин технологиялык өнүгүүсүнүн айкалышуусу чоң синергетикалык натыйжа берүүгө жөндөмдүү"

Мындай сунушту Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 18-октябрда Пекинде (КЭР) өткөн "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында эл аралык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги Үчүнчү форумда билдирди.

"ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин башчылары Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин евразиялык интеграциянын жана "Бир алкак, бир жол" демилгесин айкалыштыруу жөнүндө идеясын колдошту, – деп белгиледи Михаил Мясникович өз ара байланыш боюнча жогорку деңгээлдеги Форумдун алкагында сүйлөгөн сөзүндө. – Бул биздин өлкөлөрдүн лидерлеринин даанышман жана өтө маанилүү чечими. Ал эл аралык экономикалык мамилелердин жаңы парадигмасына өтүүнү белгиледи. Евразия регионундагы интеграциялык механизмдердин транспаренттүүлүгү, тең укуктуулугу жана өз ара толукталышы – бул идеянын базалык принциптери".

Буга байланыштуу ЕЭК Коллегиясынын башчысы эскертип өткөндөй, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКСтин биргелешкен Саммитин өткөрүүнү жана анда Кытай жана аталган эл аралык түзүмдөргө кирген башка өлкөлөр үчүн актуалдуу болгон экономикалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулоону сунуштаган. 

Михаил Мясникович Форумдун катышуучуларын евразиялык интеграция менен "Бир алкак, бир жол" демилгесин айкалыштырууну ишке ашыруу боюнча практикалык иштер жөнүндө маалымдоо менен ЕАЭБ жана Кытай өлкөлөрүнүн лидерлеринин чечимдерин аткаруу үчүн тараптар Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшканын белгиледи. 2023-жылдын февралында өз ара аракеттенүүнүн бир катар келечектүү чөйрөлөрү боюнча жол картасы бекитилген. Бул жана башка чечимдер бүгүнкү күндө транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана жүктөрдү темир жол менен ташууда документтерди алмашуунун электрондук формасына өтүү маселелерин практикада чечүүгө жардам берет, бул жол жүрүү убактысын олуттуу кыскартат. Климаттык күн тартиби боюнча туруктуу диалог жүргүзүлүүдө, өнөр жай чөйрөсүндө жана электрондук соодада кызматташтык камсыздалууда.

"ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн жана КЭРдин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын көрүлгөн чаралары жана күч-аракеттери конкреттүү жыйынтыктарга ээ болууга мүмкүндүк берди, - деп баса белгиледи Михаил Мясникович. - Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 2015-2022-жылдары, ЕАЭБ иштей баштаган мезгил аралыгында, 2,8 эсеге көбөйгөн жана иш жүзүндө 220 млрд долларга жеткен, бул өз ара мамилелердин бүткүл тарыхындагы рекорддук деңгээл болуп саналат".

Форумдун алкагында кытай багытындагы натыйжалуу иштөөнүн дагы бир көрүнүктүү мисалы катары, ЕЭК тарабынан иштелип чыккан "Евразия агроэкспресс" долбоору көрсөтүлдү, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн Кытайга үзгүлтүксүз тездетилген ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Аны жүзөгө ашыруунун биринчи жылы эле Беларусиядан жана Россиянын региондорунан КЭРге каттам боюнча айыл чарба жүктөрү менен 18,5 миң контейнер жөнөтүлгөн, бул Кытай менен соодада ташылган ушул сыяктуу бардык товарлардын 7,5%дан ашыгын түзөт.

Евразия экономикалык бирлигинин негизги соода-экономикалык өнөктөш менен кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча резервдери бар. Комиссия, атап айтканда, ЕАЭБ менен КЭРдин транспорттук жана инфраструктуралык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүүнү сунуштайт. Бирликте бул үчүн зарыл база түзүлгөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт жетекчилери 2022-жылдын августунда транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу жети интеграциялык долбоорлордун тизмесин бекитишкен, иштин көлөмдөрү аныкталган. Михаил Мясникович кытайлык өнөктөштөрдү бул ишке жигердүү катышууга чакырды, анын алкагында, мисалы, Беларусь жана КЭР бир катар ири транспорттук долбоорлорду биргелешип ишке ашырышкан.

"Биздин биргелешкен аракеттерибиз Евразиянын үзгүлтүксүз транспорттук байланышын камсыз кылат деп ишенебиз. Бул үчүн Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун өз ара иштешүүсүнүн алкагында транспорттук-логистикалык мегадолбоордун концепциясын иштеп чыккан жана сунуштаган", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Анын пикири боюнча, Бирлик өлкөлөрүнүн жана Кытайдын алдыңкы билимдерин жана технологияларын алып жүрүүчүлөр үчүн жалпы милдеттерди чечүүнүн үстүндө активдүү иштөө максатка ылайыктуу. Михаил Мясникович бул тема "Бир алкак, бир жол" демилгесин ишке ашырууда негизги темалардын бири болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.

Маалымат

Пекинде өткөн "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында эл аралык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги Үчүнчү форумга КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Сербиянын Президенти Александр Вучич, Индонезиянын Президенти Джоко Видодо, Вьетнамдын Президенти Во Ван Тхыонг, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Эфиопиянын Премьер-министри Абий Ахмед, Таиланддын Премьер-министри Сеттха Тхависин, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули, Пакистандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар уль-Хак Какар, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ошондой эле дүйнөнүн 120дан ашуун өлкөсүнөн мамлекет, өкмөт, тармактык министрликтердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышышты.