Жаңылыктар

16.03.2023

Михаил Мясникович: "Чектөөлөрдүн, санкциялардын жана пандемиянын шарттарында ЕАЭБ өзүнүн кудуреттүүлүгүн далилдеди"

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Москвада Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин съездинде евразиялык интеграциялык процесстерди илгерилетүүдө бизнестин ролу жөнүндө айтып берди. РӨИБ съездинин ишине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты.

Михаил Мясниковичтин айтымында, чектөөлөрдүн, санкциялардын жана пандемиянын карантиндик иш-чараларынын шарттарында Евразия экономикалык бирлиги өзү кудуреттүүлүгүн көрсөттү. "Евразия экономикалык бирлигинин өкмөттөрүнүн, бизнесинин жана уставдык органдарынын аракеттеринин аркасында ЕАЭБде товарлар менен өз ара сооданын көлөмү акыркы 3 жылда 35%дан ашык өстү жана рекорддук 83 млрд долларга чейин жетти, – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. - Ошону менен бирге кооперациялык товарлар менен өз ара сооданын көрсөткүчтөрү ушул эле мезгилде бир жарым эсеге көбөйгөн, бул кызматташтыктын масштабы жана тереңдиги жөнүндө эң чоң деңгээлде күбөлөндүрүп турат".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бирликтин жалпы рыногунун артыкчылыктарынын аркасында чийки заттарды, себилдегичтерди жана түпкү товарларды жеткирүүнүн логистикалык чынжырларын түзүүнү ыкчам камсыздоого мүмкүн болуп жаткандыгын белгилеп өттү.

Михаил Мясникович мамлекеттик сатып алуулар механизмин өркүндөтүүгө басым жасады. Ал мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун бирдиктүү эрежелери иштелип чыккандыгы жана алар дайыма өркүндөтүлүп турарын айтты. Аларды иштеп чыгууда Комиссия жана мүчө мамлекеттер кооперациялык ыкманы карманышып, ал Бирлик өлкөлөрүндө өндүрүштү локалдаштырууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, Евразиялык реестр иштейт, андан алынган көчүрмө товар чыгарылган өлкөнү тастыктайт жана бизнеске көптөгөн административдик тоскоолдуктардан качууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясынын башчысынын сөзү боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрү ишмердиктин жогорку технологиялык түрлөрүнүн үлүшүн өстүрүүсү зарыл. "Кыска мөөнөттөрдө олуттуу инвестициялар керек. Микроэлектроника, электрондук компоненттик база, химия өнөр жайы жана фармацевтика тармагы, авиациялык жана медициналык өнөр жай, автомобиль жана станок куруу сыяктуу өнөр жай тармактарына артыкчылыктуу көңүл буруу керек", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

Ошондой эле ал биздин Бирликте илимий-негизделген ыкмалардын негизинде технологиялык эгемендүүлүккө жетишүү мүмкүн экендигине ишенимин билдирди.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы техникалык жөнгө салуу маселелерине боюнча, азыркы учурда Бирликтин рыногунда жүгүртүлүп жаткан продукциянын 85%на карата коопсуздуктун бирдиктүү талаптары аныкталгандыгын белгилеп өттү. "15 миңден ашык стандарттар колдонулат. Мамлекеттер аралык стандарттарга муктаждык барган сайын өсүп бара жатат. Аларды иштеп чыгууга өнөр жайдын жана бизнестин катышуусун камсыздоо маанилүү", - деп ишенет Михаил Мясникович.