Жаңылыктар

06.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 16:01)

ЕЭК министри Варос Симонян: "Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн башкы факторлорунун бири терең санариптештирүү болуп саналат"

"Санариптештирүү - өзү максат эмес, ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жарандарынын жашоо сапатын жогорулатуунун зарыл драйвери болуп саналат, ал эми бул коопсуздукту камсыздоонун жана эгемендүүлүктү сактоонун маанилүү шарты. Кеп терең санариптештирүү жөнүндө жүрүп жатат", - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян Минск шаарында өткөн "Тибо" IV Евразиялык санариптик форумунда. 6-июнда ЕЭК министри расмий ачылышка - "Санариптик келечек" тематикалык отурумуна катышты.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бирликтин алкагында "акылдуу, терең" санариптик эгемендүүлүктү аныктоо жана камсыздоо маселелери биринчи планга чыгууда, жана ал ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди акырындык менен тереңдетүү жана аймактык санариптик эгемендүүлүктү камсыз кылуу принцибине негизделет.

Санариптик эгемендик мамлекетке өзүнүн маалыматтык саясатын аныктоого, бул чөйрөдө коопсуздукту толук камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан евразиялык "бешилтиктин" ар бир өлкөсүндө экономикаларды тезирээк санариптештирүү үчүн бардык зарыл аракеттер көрүлүүдө. Ал эми форум өтүп жаткан Беларусь Республикасы Варос Симонян белгилеп өткөндөй "өзүнүн экономикасын санариптик трансформациялоо маселелеринде абдан чоң кадамдарды жасап, евразиялык мейкиндиктеги лидерлердин бири болуп саналат".

"Бүгүнкү күндө адамзат маалыматтык-коммуникациялык технологияларга мурда болуп көрбөгөндөй көз каранды болуп турган убакта, маалыматтык жана телекоммуникациялык системалардын туруктуу иштешин камсыздоо, башкача айтканда, экономиканы жана коомду ар тараптуу санариптештирүү жолу менен санариптик эгемендүүлүктү камсыздоо - биздин башкы милдеттерибиздин бири болуп бара жатат", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Варос Симоняндын пикири боюнча, өз кезегинде ЕАЭБ деңгээлинде глобалдык жана локалдык санариптик платформалар үчүн жалпы эрежелерди белгилөө, бир жагынан, Бирлик өлкөлөрүндө мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоонун бирдей шарттарын түзсө, ал эми экинчи жагынан – жаңы платформалардын ЕАЭБдин жалпы рыногуна чыгуусуна тоскоолдуктарды азайтып, жогорку технологиялык сервистердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзөт. Буга байланыштуу улуттук ресурстардын ортосунда маалымат алмашуу жана бүтүндөй Бирликтин кызыкчылыгында аларды чыгармачылык талдоо жана мыкты тажрыйбаны улуттуктан жогорку деңгээлге көтөрүү зарыл.

Маалымат

"Тибо" - телекоммуникация, маалымат жана банк технологиялары боюнча эл аралык адистештирилген көргөзмө жана конгресс. Быйылкы жылы 6-июндан 10-июнга чейин Минскте (Беларусь Республикасы) өттү. Бул аянтчада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн IT-чөйрөдөгү жетишкендиктери топтолгон. Көргөзмөгө келгендер санариптик жаңылыктарды көрүп жана сынап көрө алышат. Катышуучулар үчүн санариптик мамлекет, "акылдуу" шаарлар, бизнес жүргүзүүнүн смарт-технологиялары жана башкаларды ачык талкуулар уюштурулду. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү