Бүгүнкү күндө улуттук мамлекеттер, регионалдык жана эл аралык уюмдар кийинки он жылга карата санариптик экономиканын өнүгүүсүнө жана санариптик суверенитетти коргоого жалпы көз караш менен программалык жана максаттуу документтерди иштеп чыгып, негизги максаттарды белгилеп, мониторинг тутумун түзүп жана аталган максаттарга жетүүнүн негизги баскычтарын жана каражаттарын белгилешүүдө. Бул тууралуу 20-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян "Жаңы экономикалык сыноолор шарттарында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизи катары: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын алкагындагы "Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар" секциясында билдирди. Варос Симонян дүйнө санариптик технологиялар чөйрөсүндө билим берүү, санариптик инфраструктура, бизнестин санариптик трансформациясы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик трансформациясы сыяктуу багыттарда максаттуу көрсөткүчтөр жолу боюнча бара жатат деп белгиледи.
"Евразия санариптик мейкиндигинин алкагында биз биздин интеграцияланган маалыматтык тутумду өркүндөтүү боюнча ишти баштадык, максат коюу жана санариптик долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу принцибин кайра карап чыктык. Бирок биз МКТ жаатында макулдашылган саясаттарды жүргүзүүнү күчөтүшүбүз зарыл, алар Бирликтин өзүнчө макулдашууларынын алкагында иштелип чыгышы мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭК министри.