Жаңылыктар

23.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 14:49)

ЕЭКтин Жаштар кеңеши жана Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиги кызматтыштыкты тереңдетишет

21-сентябрда Жаштар иштери боюнча федералдык агенттикте (Росмолодежь) ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбековдун жана аталган Агенттиктин жетекчисинин орун басары Денис Ашировдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБтин жаштар күн тартибиндеги төмөнкү актуалдуу маселелер талкууланды:

- Чолпон-Ата шаарында, Кыргыз Республикасы, КМШ жана ЕАЭБдин I Жаштар форумун өткөрүүнүн жыйынтыктары, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилиги менен ишкер эртең мененки тамак учурунда сунушталган жаштар делегацияларынын катышуучуларынын демилгелери;

- ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жаштар демилгелерин ишке ашыруунун Евразия фондун түзүүгө тиешелүү демилгеси;

- 2023-жылы Россия Федерациясынын ЕАЭБ органдарында төрагалыгынын алкагында биргелешкен долбоорлор жана 2021-2022-жылдары өткөн биргелешкен иш-чаралар;

- ЕАЭБ мейкиндигинде стажировкалардын, жаштар ишкердигинин жана жаштар туризминин жалпы программасынын маселелери.

Тараптар ошондой эле 2022-2024-жылдарга Кызматташуу программасын толуктап иштеп чыгуу жана кол коюу боюнча ишти активдештирүүнү макулдашышты.

Данияр Турусбеков Евразия экономикалык комиссиясында жаштар демилгелерин кароо жана иштеп чыгуу боюнча "бирдиктүү терезе" түзүү жана өнүктүрүү боюнча Коллегиянын Төрагасынын тапшырмасын ишке ашыруу боюнча Комиссияда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Жыйынтыгында Данияр Турусбеков Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиктен кесиптештерине КМШ жана ЕАЭБдин I Жаштар форумунда жүргүзгөн жигердүү иштери үчүн өзгөчө ыраазычылык айтып жана Евразия экономикалык бирлигинин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.