Жаңылыктар

20.03.2023 (Обновлено: 21.03.2023 17:29)

ЕЭК аянтчасында евразиялык автомобиль курууну өнүктүрүү маселери каралды

Мындай демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник тармактар аралык автомобиль конгрессинин алкагында бизнес менен жолугушууда жана "Москвич" Москва автомобиль заводуна болгон иш сапарынын алкагында көтөрдү.

Россиялык автоунаа өнөр жайынын ишканасына сапарынын жүрүшүндө өнөр жай блогунун делегациясы заводдун өндүрүштүк дарамети жана өнүгүү стратегиясы, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинде кооперациялык кызматташтыктын болжолдонгон багыттары менен таанышты. Кооперациянын эң келечектүү багыттарынын катарында микроэлектроника, кабелдик-өткөргүчтүк өндүрүш, энергетикалык машина куруу, мунай-химия жана станок куруу сыяктуу чөйрөлөр белгиленди.

2030-жылга чейин өндүрүштү локалдаштыруу программасынын алкагында ата мекендик микроэлектрондук компоненттик базаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Азыр учурда завод навигациялык тутумдардын улуттук өндүрүүчүлөрү менен жигердүү кызматташып жатат жана бүгүнкү күндө акыркы продукцияны өндүрүү үчүн зарыл болгон бир катар микроэлектрондук модулдарды, анын ичинде ГЛОНАСС тутумун жеткирүүнү жолго кое алды. Ошону менен бирге башка микроэлектрондук эсептөө жана контролдоо жабдууларына муктаждык байкалууда.

Буга байланыштуу Николай Рогожник Комиссиянын аянтчасында Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын жана бизнесин тартуу менен профилдик эксперттик топтордун алкагында тармактык өз ара аракеттенүү маселелерин кароону сунуштады.