Жаңылыктар

15.05.2023 (Обновлено: 16.05.2023 16:00)

Өз ара иштешүүнүн багыттарын ЕЭК жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму талкуулашты

11-майда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Париждеги штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев ЭКӨУнун штаб-квартирасында Глобалдык мамилелер жана кызматташтык боюнча директораттын директору Андреас Шаал менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Бакытжан Сагинтаев ЭКӨУнун Глобалдык мамилелер жана кызматташтык боюнча директоратынын Евразия бөлүмүнүн жетекчиси Уильям Томпсон менен жолугушту.

Тараптар ЕЭКтин жана ЭКӨУнун эл аралык ишмердүүлүгү жөнүндө бири-бирине маалымат беришти, өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин карашты.

Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык бирлигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүү шарттарында, анын ичинде "ЭКӨУ – Евразия" программасынын алкагында кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирип, маалыматтык алмашууну жолго коюунун, жумушчу жолугушууларды жана эксперттик консультацияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.