Жаңылыктар

14.09.2023 (Обновлено: 21.09.2023 13:08)

ЕАЭБде контрафакттык продукциялардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча укук колдонуу практикасынын жаңы тренддери 5-октябрда Санкт-Петербургда талкууланат

"Антиконтрафакт-2023" XI Эл аралык форумунун ишкер программасынын алкагында 5-октябрда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулган "ЕАЭБде контрафакттык продукциялардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча укук колдонуу практикасынын жаңы тренддери" дискуссиялык сессиясы өтмөкчү.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү талкуулоо пландаштырылууда:

- 2022-жылга карата интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринде укук колдонуу практикасына мониторингдин жыйынтыктары;

- интеллектуалдык менчик объектилерин мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн административдик жана укук коргоо органдарынын практикасындагы мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жана актуалдуу тренддер;

- бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттарында контрафакттын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдардын жана укук ээлеринин өз ара аракеттенүүсү;

- товардык белгилердин ээлери укукту кыянаттык менен пайдалануусу жана "параллель" импорт маселелери боюнча административдик жана соттук тажрыйбаны өзгөртүү.

Сессиянын спикерлери Евразия экономикалык комиссиясынын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоо жана бажы органдарынын кызматкерлери, Бирлик мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юридикалык компанияларынын адистери болушат.

Форумга жана дискуссиялык сессияга катышуу — акысыз негизде. Катышуучуларды каттоо иш-чаранын сайтында жүргүзүлөт.

Маалымат

"Антиконтрафакт" форуму – ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган мамлекетте жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү Евразия экономикалык бирлигинин ишкердик иш-чарасы. 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинде төрагалык кылуучу мамлекет — Россия болуп саналат.

Биринчи Эл аралык "Антиконтрафакт" форуму 2012-жылы Москвада өткөн. Кийинки жылдары форум Казакстан, Беларусь, Армения, Кыргыз Республикасында өткөн. Быйылкы жылы он биринчи форум Санкт-Петербургда өткөрүлмөкчү.

"Антиконтрафакт-2023" эл аралык форумунун уюштуруучусу – Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги. Тең уюштуруучу — Евразия экономикалык комиссиясы.