Үстүбүздөгү жылдын I
кварталынын жыйынтыктары боюнча биржалык тооруктардын жалпы көлөмү 4,2 трлн АКШ
долларын түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 25%га өстү. Мындай өсүш негизинен
валюта менен жана РЕПО операциялары боюнча бүтүмдөрдүн эсебинен жетишилди. Эң ири товардык биржалардагы тооруктардын көлөмү 5,6 млрд АКШ долларына жетип, 8%га өскөн. Эң чоң көлөмдү Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки зат биржасында "Мунай өнүмдөрү" соода секциясы көрсөттү.
Кененирээк статистикалык маалымат
статистика департаментинин баракчасында
"Биржалык тооруктар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.