Жаңылыктар

05.08.2022 (Обновлено: 11.08.2022 09:33)

2021-жылда ЕАЭБдин тышкы соодасынын көлөмү 35,5%га өсүп, 846 млрд АКШ долларын түздү

Такталган маалыматтар боюнча, 2021-жылда товарлардын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн сырткары экспорту 2020-жылга салыштырмалуу 44,7%га өсүп, 527,9 млрд АКШ долларын түздү. Тышкы рынокторго экспорттун көлөмдөрүнүн өсүшү Беларустан экспорттук жеткирүүлөрдүн 48,6%га, Россиядан – 47,3%га, Кыргызстандан – 38,2%га, Казакстандан – 25,4%га жана Армениядан – 16,8%га өскөндүгү менен шартталган.

Тышкы сооданын баа шарттары экспорттолуучу товарларга жана импорт боюнча сатып алынган товарларга баалардын жагымдуу катышы менен мүнөздөлгөн (баа шарттарынын индекси – 135,8%).

ЕАЭБден экспорттолуучу товарлардын негизги сатып алуучулары Европа бирлигинин (алардын үлүшү экспорттук жеткирүүлөрдүн 41,9% түздү) жана АТЭК өлкөлөрү (28,4%) болду. Бирликтин рыногуна импорттоочу өлкөлөрдүн арасында Кытай жана Германия алдыда.

ЕАЭБдин тышкы соодасы жөнүндө негизги соода өнөктөштөрү боюнча маалыматтар, тышкы соода көлөмдөрүнүн динамикасы, ЕАЭБден сырткары өлкөлөр менен экспорттун жана импорттун товардык түзүмү, ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин тышкы соода көрсөткүчтөрүндөгү салыштырма салмагы статистика департаментинин баракчасында "Тышкы жана өз ара сооданын статистикасы" бөлүмүндө, 2021-жылдын январь-декабры үчүн талдамалык маалыматтарда көрсөтүлгөн (такталган маалыматтар).